Алмазбек Атамбаев: "Акыркы үч жылда митингдердин саны 3 эсеге кыскарды"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 27-декабрда өтүп жаткан 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында: "Акыркы үч жылда митинг жана нааразычылык акциялардын саны 3 эсеге кыскарды. Башкы жетишкендик катары эл аралык каржы институттары тарабынан Кыргызстандын жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгышын айтууга болот. "Түндүк-түштүк" альтернативдик жолунун курулушунун башталып жатышы да маанилүү. Аны убакыттын өтүшү менен түшүнөбүз. Ал азыркы Бишкек-Ош жолуна караганда коопсузураак жана серпантиндер жок. Дегеле курулуш тармагында чоң өнүгүү бар",- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан