Өмүрбек Бабанов: "Президенттикке талапкер болор-болбосум азырынча белгисиз"

"Кийинки президенттик шайлоого талапкер катары катышарым же катышпасым азырынча белгисиз",- деп билдирди мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов 29-декабрда телеканалдардын бириндеги түз эфирде. Анын билдиришинче, президенттик шайлоого ат салышуу же баш тартуу чечими 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоодон кийин белгилүү болот.

"Парламенттик шайлоого чейин бир жыл бар, президенттик шайлоо тууралуу пикир айтууга азырынча эрте. Президенттик жарышка байланыштуу чечим парламенттик шайлоодон кийин гана кабыл алынат",- деди экс-премьер. 

Бабанов өкмөттү жетектеп тургандагы аткарган иштерин атады. "Мен жетектеген өкмөт реформатор өкмөт болду, мамлекеттик кызматкерлердин санын 1800 кишиге кыскартып, бюджеттен 600 миллион сом үнөмдөдүк. Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү токтоттук, 44 өлкөгө визасыз режим киргиздик. Дагы бир катар иштерге убакыт жетпей калды",- деди Бабанов. 

Экс-премьер-министр 2010-жылкы парламенттик шайлоодо берген убадаларынын толук аткарылбай калышына убакыттын жетпей калышын күнөөлөдү. "Мурунку шайлоодо айткан сөздөрүм үчүн уялбайм, берген убадаларыбызды аткарууга аракет жасадык. Дыйкандарга ири көлөмдө насыялар берилди, мен өкмөттү жетектеп турганда светтин баасы кымбаттаган жок. Жаштарга ипотекалык үйлөрдү берүү долбоорун ишке ашырууга убакыт жетпей калды",- дейт Бабанов. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан