"Башкы максатым - азыркы Конституцияны өзгөртүү" деди Бабанов

"Кыргызстандын 2010-жылы кабыл алынган (азыр колдонулуп жаткан) Конституциясын өзгөртмөйүнчө өлкөдө эч кандай реформалар жүрбөйт". Муну 29-декабрда телеканалдардын бириндеги түз эфирде мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов билдирди. Экс-премьер азыркы Баш мыйзамдын негизги кемчилиги кайсы бир олуттуу кемчиликтер үчүн жетекчилердин жоопкерчилик тартпай жатышы экенин айтат.

"Энергетикалык оор кырдаал түзүлдү, бирөө жооп бердиби? Жок, жоопкерсиздик. 2010-жылкы Конституция өзүнүн миссиясын аткарып бүттү. Өлкө олуттуу реформаларга муктаж, бирок азыркыдай шартта өзгөртүү жасоо мүмкүн эмес. Биз эки Конституция сунуштайбыз жана анын бирин кабыл алууга бардык күчүбүздү жумшайбыз. Биринчиси - президенттик башкаруу. Күчтүү президент иштейт жана премьер-министр болбойт. Экинчиси - толук парламенттик башкаруу: президенттин таасири болбойт, баарына премьер-министр жооптуу болот",- деди Бабанов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан