Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимди бекитүү жылдын эң маанилүү окуясы деп аталды

"23-декабрда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимге кол коюу - жылдын эң маанилүү окуясы". Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылдын 1-январында аталган биримдик иштей баштайт. "Бул союз ага мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндигин камсыздайт. Бардык жол-жоболор аяктагандан кийин, 2015-жылдын май айында Кыргызстан ЕАЭБнын толук укуктуу мүчөсү болушу күтүлөт",- деди министр.
"Республика үчүн бул экономикалык интеграциянын жаңы тепкичи. Анткени айыл чарба өндүрүүчүлөр, тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар, бизнес үчүн жаңы чакырыктар жана горизонттор ачылууда",- деп толуктады Сариев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан