Жогорку Кеңештин комитети мэрлердин укугун кеңейтүүчү мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети 30-декабрдагы жыйынында "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамдын долбоорун 3-окууда жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды. Мыйзам долбоорунун максаты - Бишкек жана Ош шаарларынын статусу тууралуу нормага өзгөртүү киргизүү. Ага ылайык, шаар башчыларына аймактык мамлекеттик башкаруу кызматтарынын жетекчилерин дайындоого жана кызматтан алууга укук берилет. Андан сырткары шаардык кеңештин депутаттарына аймактык мамлекеттик башкаруу кызматтарынын жетекчилерине ишиним көрсөтпөй коюу укугу берилмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан