Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун 2-окууда карап, парламенттин жалпы талкуусуна алып чыгуу чечимин кабыл алды. Демилгечилердин айтымында, бул нормага ылайык, ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Андан сырткары кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктайт.