Олег Горин саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Олег Горин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу 29-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Олег Горин буга чейин аталган мекемеде министрдин орун басары болуп иштеп келген Кубанычбек Чойбековдун милдеттерин аткарып, көзөмөлдөйт. К.Чойбеков 2014-жылдын март айында "медициналык лицензияларды мыйзамсыз берген" деп шектелип тергөө абагына алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан