Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов соттон акталды

Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов Ош шаардык соту тарабынан акталды. Бул тууралуу 29-декабрда депутат өзү социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчасына жазып чыкты.

Эске салсак, 2013-жылдын 29-ноябрында Ош шаардык соту (судья Б.А.Осмонов) депутатты Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) менен күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Атазов соттун мындай чечимине жана ага тагылган айыптарга каршы экенин билдирип келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан