Экономика министри Темир Сариев 29-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча министрликтин жамааты менен кеңешме өткөрдү. Жыйында министр 2014-жыл оор жыл болгонун, бирок министрликтин алдына коюлган тапшырмалар ийгиликтүү аткарылганын белгиледи. Сариев жылдын башкы окуясы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушу тууралуу келишимге кол коюлганы болгонун белгилеп:
"2015-жылдын 1-январынан баштап постсоветтик өлкөлөрдүн аймагында ири интеграциялык бирикме - ЕАЭС иштеп баштайт. Бул кызмат көрсөтүүнүн, товар, капитал жана жүгүртүүнүн эркин болушуна мүмкүндүк түзөт. Кыргызстандын 2015-жылдын май айында аталган уюмдун толук кандуу мүчөсү болору күтүлүүдө",- деп билдирди.
Сариев Кыргызстандын ЕАЭСтеги жылдык үлүшү 1,9 пайыз же 450 миллион доллар болорун кошумчалады.
Казакстандын үлүшү 7 пайыздан ашыгыраак, Арменияныкы 1,13 пайыз, Беларустуку 4 пайыздан ашык экени айтылды.