Парламенттин жыйындарына себепсиз катышпай жаткан 7 депутат бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 30-декабрдагы отурумунда айтылды. Анда парламенттин 2014-жылдын ноябрь айындагы сессиясына катышпай калган депутаттардын маселеси каралды.
Сессияга себепсиз келбеген депутаттар: Нурлан Төрөбеков, Урмат Аманбаева, Азиз Суракматов, Элмурат Обдунов, Улан Чолпонбаев, Динара Исаева жана Ыргал Кадыралиева. Бул тизмени спикер Асылбек Жээнбеков карап чыгып, эгер депутаттын жыйынга себепсиз келбегени аныкталса, анын айлык маянасынын 10дон 1 бөлүгү кармалат.