Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бүгүн, 30-декабрда Социалдык өнүгүү министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев мекеменин аткарган иштери, алдыдагы пландары тууралуу, донор өнөктөштөр министрлик менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат беришти.
Өкмөттөн билдиришкендей, Ниязалиева колдоого муктаж жарандарга жардам берүү жаатындагы реформалар токтобошу керектигин белгилеген. "Жакында электр энергиясынын тарифтери көтөрүлдү, буга байланыштуу айрым аймактар электр кубаты боюнча жеңилдиктерди берүүнү суранышууда. Биз бул маселени дыкат иликтеп чыгууну жана айрым жарандарга светтин акчасын төлөөдө жеңилдик берүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну пландап жатабыз",- деди Ниязалиева.