Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети "Жогорку Кеңештин депутатынын, фракциясынын, комитетинин жана депутаттык топтордун фонддору жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтом долбоорун карады. Сунушталып жаткан норма депутаттык топторду фракциянын фондунан каржылоону токтотуу максатында иштелип чыккан.
Комитет төрайымы Айнуру Алтыбаеванын айтымында, азыркы нормага ылайык, депутаттык топтордун мүчө депутаттарына фракция фондунан каражат бөлүнүп турат. "Эгерде сунуш кабыл алынса, депутаттык топтор өз каражатын жумшаганга туура келет",- деди Алтыбаева.
Демилге парламенттин январь айындагы жыйындарында каралмакчы.