Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча Ош шаардык адистештирилген борборго өкмөт 200 миң сом бөлдү. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 30-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Аталган суммага борбордун мөмө-жемиш сактоочу жайы оңдолот. Маалыматка таянсак, аталган борбордо учурда түрдүү себептер менен ата-энелери багуудан баш тарткан 4 жашка чейинки 18 бала тарбияланат.
Каракол шаарындагы "Ирада" балдар үйүнө балдар аянтчасын курууга жана имаратты оңдоп-түзөөгө 200 миң сом бөлүнгөнү айтылды. Бул балдар үйүндө 18 жашка чейинки 13 бала тарбияланууда.