ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана паракорчулукка каршы күрөшүү боюнча комитети ИИМдин башчылыгына Шамиль Атахановдун талапкерлигин колдоду
Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана коррупцияга каршы курөшүү боюнча комитети Ички иштер министрлигинин башчылыгына Шамиль Атахановдун талапкерлигин жактырды. Депутаттардын суроолоруна жооп берген Шамиль Атаханов өзүнүн УКМКны жетектеп тургандагы паракорчулукка каршы жасалган иштерин жана мындан ары жасалчу пландарын айтып берди.