Жалал-Абад шаарынын тургундары электр энергиясына болгон төлөмдөр туура эмес эсептелип жатат деп нааразы. Мындай пикирди алар 9-январда Жалал-Абад шаарында парламент депутаттары Токтогул Туманов жана Нурбек Касымбеков менен жолугушууда билдиришти.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар "электр энергиясын жазып эсептөөчү кызматкерлер электр кубатын пайдаланууда 700 киловаттан ашкан учурда 2 сом 5 тыйындан төлөө системин туура эмес эсептеп жатышат" деген дооматтарын коюшту. Депутаттар бул маселени жакшылап иликтеп, толук маалымат алып бермей болушту.
Мындан сырткары шайлоо системи, биометрикалык маалыматтар сындуу маселелер менен катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлгөнүн билдирет ЖКнын маалымат кызматы.