Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 10-январда "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган мыйзамдын максаты төмөнкүлөр:
- Бажы биримдигинин келишимдик-укуктук базасын түзгөн эл аралык келишимдердин, Бажы биримдигинин органдарынын бажылык жөнгө салуу жана бажы иши жаатында чечимдеринин Кыргызстан тарабынан аткарылышын камсыз кылуу;
- товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
- бажы иши жаатында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү;
- товарларды Кыргызстанга алып келүү жана аларды Кыргызстандан алып чыгуу менен байланышкан иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын, бажылык иш-аракет чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн жактардын, ошондой эле Кыргызстандан ташылып чыккан жана Кыргызстанга ташылып келген товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;
- тышкы экономикалык иш-аракети жана тышкы соода иш-аракеттин, бажы иши жаатындагы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Кыргызстандын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.