Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Латвиянын билим берүү министри менен жолугушту

Латвияга болгон расмий иш сапарынын жүрүшүндө КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бүгүн, 10-январда Латвиянын билим берүү министри Марита Сейле менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу, бул жаатта кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүштү. Ошондой эле Э.Сариева бул сапарында Латвиянын Илимдер академиясы, Илим боюнча латвиялык кеңештин өкүлдөрү менен да кезикти. Анда Латвия менен Кыргызстандын билим берүү тармагындагы реформалары, бул жааттагы каржылоо маселеси жана жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү өнүктүрүү маселелери сөз болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан