Исфана шаарынын тургундары айланып өтүүчү жол курууну суранышты

ЖКнын депутаты Жусупали Исаев үстүбүздөгү жылдын 5-9-январь күндөрү Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын, Кулунду, Жаңы-Жер айыл өкмөттөрүндөгү шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, алардын көтөргөн маселелерин угуп кайтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Исфана шаарында болгон жолугушууда шаар тургундары бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Жергиликтүү тургундардын айтымында, унаа жолу Ош-Баткен-Исфана калктуу конушун аралап өтөт. Буга байланыштуу айланып өтүүчү жол куруу маселеси айтылды.

Ал эми Жаңы-Жер айыл өкмөтү менен Кулунду айылында таза суу жана сугат суулары менен камсыздоо маселеси айтылды. Жергиликтүү эл суу чыгаруучу насос станцияларын колдонуу кымбатка турарын белгилеп, сууну Козу-Баглан дарыясынан алуу жагын караштыруу маселесин коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан