Түштүк Кореядан келген эксперт Чжанг Енг Чой КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине маалыматтык саясат, заманбап маалыматтык технологиялар жана журналистика жаатында консультативдик колдоо көрсөтө баштайт. Медиаэксперт Чжанг Енг корей өкмөтүнүн эл аралык кызматташуу боюнча «WorldFriendsKorea» программасынын негизинде тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда аталган министрликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 9-январда Эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ким Чжонг Же башында турган делегация КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине иш сапары менен келип кетти. Министр менен болгон жолугушуу учурунда Ким мырза KOICA Кыргызстанга ар чөйрөдөгү эксперттик-консультативдик багытта гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди. “Жакынкы жарым жылдыкта корей агенттиги кыргыз тараптан долбоорлорду кабыл алууну баштайт. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги долбоорлорду иштеп чыгууда жигердүү аракеттерди көрөт деп ишенем. Кыргызстан - өнүгүп келе жаткан өлкө. Биз маданият, маалымат жана туризм сыяктуу маанилүү багыттарда жардам берүүгө даярбыз”,- деди Ким мырза.
Өз кезегинде министр Алтынбек Максүтов Корей Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара мамилелер өнүгүп жатканын, 2015-жылы да бул көрүнүш улана берерин белгилеп, министрликке көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуу учурунда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин мамлекеттин санариптик телерадиоберүүгө өтүүдөгү жана өлкөнүн маалыматтык талаасын өнүктүрүүдөгү маанисин белгилеп өттү.