2014-жыл Кыргызстандын тышкы саясатында активдүүлүктүн жылы болду. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 9-январда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда билдирди. "Былтыр бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды: Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушу боюнча келишимге кол коюлду, коңшу өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйдү. 2014-жылы кыргыз-тажик чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча оң таасирлүү динамика байкалды. Чек арадагы делимитация жана демаркация маселелери боюнча сүйлөшүүлөр активдешти. Башка өлкөлөр менен да кызматташтык жанданды, тышкы саясатта бир катар жолугушуулар жогорку деңгээлде өттү",- деди Оторбаев.
Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо маанилүү бойдон каларын кошумчалады.
Жолугушууда экономикалык дипломатияны өнүктүрүү маселеси да талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.