Бишкек жана Ош шаарларынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган мыйзамдын негизги максаты - Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин киреше потенциалын көбөйтүү жана кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү салыктарды көзөмөлдөө, эсептөө жана чогултуу боюнча башкарууну жакшыртуу, Бишкек менен Ош шаарларынын инфраструктурасын жана социалдык-экономикасын өнүктүрүү. Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан