Өкмөт: Абакта жаткан маалында уул төрөгөн Айжан Өмүралиеванын абалы жакшы

Бишкектеги №1-СИЗОго 2014-жылдын 11-августунда камакка алынган Айжан Өмүралиева декабрь айында төрөп, учурда эне-баланын абалы жакшы. Маалыматты 13-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Жаш балалуу эне камерада жаткан жеринен күн сайын медициналык кароодон өтүп жатканы кабарланды. Мекеме аталган айым тууралуу буларды билдирет:
"Өмүралиева Айжан Аманбековна 1989-жылы туулган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2007-жылдын 18-декабрдагы өкүмү менен (уурулук кылмышы үчүн) Новопавловка айылындагы жаза өтөө мекемесинде отурган жеринен 2008-жылдын 4-июлунда өз алдынча чыгып кеткен жана белгисиз тарапка из жашырган. Калган 2 ай 13 күндүк жаза мөөнөтү өтөлбөй калган. 
А.Өмүралиева мунапыс жөнүндө 2010, 2011, 2014-жылкы мыйзамдар күчүнө киргенден кийинки 6 айдын ичинде өз каалоосу менен жаза өтөө мекемесине келгенде, калган жаза өтөө мөөнөтүнөн бошотулмак. Бирок ал 6 жыл издөөдө жүргөн. 2014-жылдын 8-августунда А.Өмүралиева кармалган жана Сокулук райондук сотунун 2014-жылдын 29-сентябрдагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып (КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү), 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинин негизинде ага мурда өтөбөй калган мөөнөтү кошулуп, жалпысынан 1 жыл 7 ай жаза өтөө мөөнөтү берилген". 
А.Өмүралиева Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго 2014-жылдын 11-августунда келгени, алгачкы медициналык кароодон өткөрүлүп, анын кош бойлуулугуна 17-18 апта болуп калганы аныкталганы айтылды. 
ЖАМК буларды кошумчалайт: 
"Кош бойлуу учурунда ал бир нече жолу медициналык текшерүүдөн өттү. Дарыгерлер аны кесарево жолу менен төрөтүүнү сунушташты. 2014-жылдын 16-декабрында А.Өмүралиева Бишкек шаарындагы №6-төрөт үйүнө жеткирилип, 3 килограмм 300 грамм салмакта уул төрөдү. Төрөт үйүнөн 22-декабрда канааттандырарлык абалда чыгарылды. Ымыркайга бардык зарыл болгон медициналык чаралар көрүлдү. 
Айыпталуучу камерада жакшы жүрүм-турумга ээ, чекпеген 6 айыпталуучу менен чогуу отурат. Бул камера 12 адамга ылайыкташкан, бирок мекеме жетекчилиги тарабынан эне-балага керектүү шарт түзүлдү. Мындан тышкары коляска, жуунуучу жай жана башка нерселер берилди. А.Өмүралиева баласы менен мекеменин медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө, учурда алардын абалы жакшы. Бала эмчек эмүүдө, эненин эч кандай дооматы жок". 
26-декабрдагы соттук отурумга А.Өмүралиеванын катыша албай калышы анын ден соолугуна (кесарево аркылуу төрөгөнүнө) байланыштуу болгону кошумчаланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан