Ош. Окуучулар үчүн диний экстремизмге каршы түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Өспүрүм курактагы балдардын укук бузууларга баруусунун, өзүн өзү өлтүрүүсүнүн жана диний экстремизмге азгырылуулардын алдын алуу боюнча ата-энелердин жана коомчулуктун катышуусу менен профилактикалык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Анда Сирия маселеси ата-энелердин катышуусу менен чагылдырылып, “Диний экстремизмдин учурдагы терс  таасирлери” деген темада эссе, сүрөт көргөзмөлөрү, жолугушуу, тегерек столдор өткөрүлөт. Мындан сырткары “Биз бирдиктүү келечек ээлери” деген коомчулукту биримдикке, мыйзамдуулукка чакырган жаштардын акциясы жана “Учурдагы коомчулуктагы көйгөйлөр” аттуу мыйзамсыз үгүттөө уюмдарынын чакырыктарына чалынган атуулдардын көйгөйлөрүн чагылдырган видеотасма даярдалып, мектеп окуучуларына, ата-энелерге көрсөтүү жагы колго алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан