Социалдык кызматкерлердин статусун көтөрүп, адистик деңгээлин жогорулатуу чарасы сунушталууда

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеш социалдык кызматкерлердин статусун көтөрүүгө багытталган “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, 1-окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, орто эсеп менен алганда, ар бир социалдык кызматкерге он социалдык жактан тейлөөгө муктаж адам туура келет. Мурда алардын маянасы 3500 сом болсо, азыр 6500 сомго көтөрүлдү. "Социалдык кызматкерлердин эмгек акысы аз болгондуктан, алардын статусун көтөрүп, билими менен адистик деңгээлин жогорулатуу милдети турат",- дешти демилгечилер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан