Өкмөттө 15-январда Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо жана ЖЭБ-2ни ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өттү. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев тармакта жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берип, 2014-жылдын 13-августунан бери курулушчулар үчүн шаарчанын пландык иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Көмөк чордондорду алмаштыруу боюнча долбоорлор сунушталганы да айтылды. Маалыматка таянсак, 2015-жылдын 8-январына карата тийиштүү жабдуулар жана эки автокөмөкчордон алынып келинди.
"Жабдууларды алмаштырууда Бишкек ЖЭБинин алдында турган басымды жана 2015-2016-жылдардагы жылытуу мезгилин эске алуу зарыл",- деди вице-премьер-министр Валерий Диль.
Жыйында шаардагы экинчи ЖЭБди ишке киргизүү маселеси каралып, вице-премьер жасалчу иштердин графигин иштеп чыгуу жана анын аткарылышына көзөмөл салууну Энергетика жана өнөр жай министрлигине тапшырды. Экинчи ЖЭБди ишке киргизүү боюнча инвестор изделип жатканы айтылды.