Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясынын Борбордук кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада саясий уюмдун лидери Хатамжон Кетмоновдун быйыл өлкөдө өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катышуусу партиянын мүчөлөрү, активисттери тарабынан жактырылды. "Мындан тышкары жыйында катышуучулар саясий уюмдардын жана депутаттык топтордун ортосундагы кызматташтыкты шайлоо тартибин сактоо багытында өнүктүрүү керек экендигин айтышты. Иш-чаранын жыйынтыгында шайлоо кампаниясын өткөрүүдө партиянын идеологиялык жана уюштуруучулук милдеттери бекитилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо 29-мартта өтмөкчү. Анда негизги талапкер катары учурдагы президент Ислам Каримов да катышары белгилүү.