"Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылкы Конвенцияга кошулуу тууралуу" мыйзамга өзгөртүү кирди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралуу" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

"Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралуу" мыйзамдын 3-беренесине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, ушул Конвенцияны ишке ашыруу боюнча жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти аныкталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан