Президент Алмазбек Атамбаев "Энергетика жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Мыйзам Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусуна байланышкан мыйзамдар пакетине кирет.
Тактап айтканда, "Энергетика жөнүндө" мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетика комплексиндеги ыйгарым укуктары) төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталат:
- Евразия экономикалык биримдигинин келишимдик-укуктук базасында белгиленген принциптерге ылайык энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун түзүүнү;
- Евразия экономикалык биримдигинин келишимдик-укуктук базасында каралган учурларда, электр энергиясын мамлекеттер аралык берүүдө көмөк көрсөтүүнү.
Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ал келишимге Кыргызстанды кошуу тууралуу документке 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлду. Келишим быйыл, 2015-жылдын май айында күчүнө кирет, демек, жогорудагы мыйзам аталган келишим иштеп баштаары менен кошо күчүнө кирет.