"Оор кылмыштарды жасагандарга карата жазаны күчөтүү керек". Бул тууралуу бүгүн, 16-январда КРнын Ички иштер министри
Мелис Турганбаев билдирди.
"Оор кылмыштарды жасаган кылмышкерлердин саны жыл санап өсүп жатат. Аларды кароо үчүн жылына көптөгөн каражат жумшалууда. Негизинен айрым оор кылмыштарды жасагандарды өлүм жазасына тартуу керек. Бирок өлкөбүздө андай жаза азырынча жок",- деди М.Турганбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн Өкмөт үйүндө акыркы жылдарда балдарга карата көп катталып жаткан зордук-зомбулук маселелери талкууланды.