Чыныбай Турсунбеков өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайларды жаап салууга каршы

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Улуттук банк тарабынан акча алмаштыруучу жайларды жабуу демилгесинин көтөрүлүшүн туура эмес деп эсептейт. КСДП фракциясынын 16-январдагы жыйынында депутат акча алмаштыруучу жайларды жабууда утуш жок экенин белгилеп: "Андан көрө айып пулдарды эселеп көтөрүү жагын карап көрүү керек, Улуттук банк айып пулдун суммасын 100 миң сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Мындан да жогорулатып койсо болот",- деп билдирди.
Депутат Мурадыл Мадеминов миллиондогон суммадагы акчалар өлкөдөн чыгарылып кетип жатканын айтат. "Декларацияланбаган акчалар мүшөк-мүшөк болуп Кытайга чыгарылып кетүүдө. Ишкерлер чек арачылар жана бажыда иштегендер менен сүйлөшүп алышып акчаларын чек арадан алып өтүшүүдө",- деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан