"Чет өлкөдө жаш балдар зордук-зомбулуктардан корголгон. Себеби жаш балдар үч санды терүү менен тиешелүү кызматтар тарабынан корголот. Ал эми биздин өлкөдө алар коргоосуз калышууда. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын дээрлик бөлүгү мигранттардын балдары". Бул тууралуу бүгүн, 16-январда жаш балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка арналган жыйында
Жоомарт Оторбаев билдирди.
"Эгер сиз коңшуңуз балдарын катуу ур-токмокко алганына күбө болуп же ал тууралуу уксаңыз, аны тиешелүү мекемеге билдиришиңиз керек. Бул кадам менен көптөгөн нерсенин алдын алышыңыз мүмкүн. Бир гана укук коргоо органдарынын келишин күтүп жүрө берүү керек эмес",- деди өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, бүгүн Өкмөт үйүндө акыркы жылдарда балдарга карата көп катталып жаткан зордук-зомбулук маселелери талкууланды.
Жыйындын өткөрүлүшүнө апта башындагы окуя себеп болгон.
10-январда шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Ошондой эле кечээ кылмышка шектүүнүн аялы да кармалган.