2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелеринин, ресурстарынын жана бюджеттик чыгашаларынын каржылык планына ылайык, республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгү 5 миллиард 85 миллион 300 миң сом суммасында болжолдонууда. Муну бүгүн, 16-январда Каржы министрлиги билдирди.
Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 6 миллиард 839 миллион 700 миң сомго пландалган, анын ичинде:Экономикалык классификация боюнча жалпы чыгымдар - 5 миллиард 561 миллион сом.
Каржылык активдер жана милдеттенмелер боюнча жалпы чыгымдар - 465 миллион 400 миң сом.
Каржылык эмес активдер боюнча жалпы чыгымдар - 170 миллион 900 миң сомду.