2014-жылы айыл чарба тармагында өндүрүлгөн продукциянын суммасы 187 миллиард 675 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев билдирди.
"Мал чарбасында өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 103,4 пайызга өсүш болгон же өндүрүлгөн продукциянын суммасы 84 миллиард 801 миллион сомду түздү",- деди Сарпашев.Анын айтымында, айыл чарба өсүмдүктөрүндө кургакчылыкка байланыштуу түшүм 2013-жылга салыштырмалуу аз болду.