Тайырбек Сарпашев өзүнө тагылган айыптар боюнча Башкы прокуратурада сурак бергенин айтты

"Мага тагылган айыптар негизсиз жана эч кандай далилдер жок. Муну иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия да эч кандай далил таба алган жок". Бул тууралуу бүгүн, 16-январда маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
"Бул нерсе мага каршы уюштурулган саясий оюн. Себеби ушул күнгө чейин мага каршы айтылган нерселер далилденген жок. Жаңы жылдан кийин мен прокуратурага чакырылып, суракка алындым. Учурда ал ишти прокуратура иликтөөдө. Буга чейин мага каршы айтылган нерселерди эми прокуратура иликтөөгө алды, эч кандай далил жок болсо, далилдей албайт",- деди Сарпашев.
Айта кетсек, буга чейин Т.Сарпашев негиздеген "Градиент" компаниясы мыйзамсыз түрдө "Кумтөр" ишканасына мотор майларын ташып жатканы айтылып келген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан