Жаныбек Чапаев Экономика министрлигине караштуу Аккредитация борборунун башчысы болуп дайындалды

Экономика министрлигине караштуу Аккредитация борборунун башчысы болуп Жаныбек Чапаев дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 16-январда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 
Жаныбек Чапаев:
Туулган жылы - 1964-жыл, 24-март.
Билими - жогорку. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган, адистиги - тарых мугалими. 1998-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 
Акыркы ээлеген кызматтары: 2010-жылдын 24-майынан 2012-жылдын 8-февралына чейин Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун директорунун орун басары.
2012-жылдын 18-ноябрынан 2015-жылдын 12-январына чейин Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директорунун орун басары. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан