Уланбек Рыскулов: “Кыргызстанда гипс кени бар болсо да, гипсокартонду Кытайдан сатып алабыз”

Кыргызстанда курулуш чийки затынын кендери көп. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда тегерек столдун жүрүшүндө Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Уланбек Рыскулов билдирди.

“Мисалы, Астана шаарында курулушта колдонулган травертин биздин "Сары-Таш" кенинен алынган. Республикабыздын аймагында гипс кендери бар. Бирок гипсокартон чыгарбай, Кытайдан сатып алабыз. Эми Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине кирип, ири Түркия, Ирактын ишканалары менен бул багытта атаандаша алат. Биз өз курулуш материалыбызды чыгара алабыз. Быйыл 5 кендин (алтын, көмүр, курулуш чийки зат кендери) ишке берилишин күтүп жатабыз. Мунун баары ишке ашса, экономикабыздын өнүгүшүнө чоң салым кошот деген ишеничтебиз”,- деди Рыскулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан