Дамира Ниязалиева: "Бардык жетекчилер мыкты менеджер болушу керек"

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 16-январда Ош облустук репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруу борборунда болду. Мекеменин иши менен таанышкан өкмөт мүчөсү чечүүнү талап кылган көйгөйлөр көп экенин айтты. 
"Борборду чарбалык эсепке өткөрүү мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштап жатабыз. Ишти туура уюштуруу менен борбор көйгөйлөрдөн арылат жана медицина кызматкерлеринин иштөө шарты менен төрөт кабыл алуу жакшырат деген ишеничтемин. Медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонушубуз шарт. Бардык жетекчилер, анын ичинде медицина тармагындагы жетекчилер мыкты менеджер болушу керек. Жетекчи мекемесинде кездешкен бардык маселени чечүүгө жөндөмдүү болушу кажет",- деди Ниязалиева. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан