Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 16-январда Ош шаарындагы социалдык мекемелердин: мектеп, лицей, оорукана, төрөт үйлөрүнүн жетекчилери жана өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциянын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Социалдык чөйрөдө аймакта 2014-жылы жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча облус башчынын орун басары Байыш Юсупов жана Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов маалымат берди.
Ниязалиева өз сөзүндө миграция, билим берүү жана медицина маселелерине басым жасады. "Ош облусу менен Ош шаарында социалдык көйгөйлөрдү чечүү жаатында бир катар жетишкендиктер бар, бирок муну менен токтоп калууга болбойт. Жергиликтүү бийлик түрдүү жолдор менен менчиктештирилип кеткен социалдык мекемелердин имараттарын жана жер тилкелерин сот аркылуу мамлекетке кайтарып алууга олуттуу көңүл бурушу керек. Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттарын кайтарып алууну күчөтүү зарыл",- деди Ниязалиева.
Вице-премьер президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен өкмөт балдарды зомбулуктун бардык түрүнөн коргоо боюнча иш-чаралардын долбоорун даярдап жатканын кошумчалады.