Асылбек Жээнбеков: "Нарынга электр энергиясын арзандатуу демилгеси - болбогон нерсе"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Нарын облусуна электр энергиясынын тарифтерин арзандатууга макул эмес. Спикер тарифтер республиканын бардык аймактарына бирдей болушу тийиш деп эсептейт.

"Ачыгын айтканда, аймактарга карата тарифтерди өзгөртө берүү сунушу - болбогон нерсе. Бизде мүмкүнчүлүгүбүздүн 10 пайызына гана ГЭСтер курулган, дагы 90 пайыздык потенциалыбыз бар. Эртең аларга да ГЭСтер курулса, аймактык тарифтер таптакыр туура эмес болуп чыгат. Бул маселеге башкача мамиле жасоо зарыл, мисалы, Токтогулда 12,5 миң гектар жер суу сактагычтын алдында калса, жер ээлерине ошончо же андан эки эсе көп жер тилкелери бөлүнүп берилиши керек. Бул үчүн тийиштүү каражат бөлүнүшү зарыл, ошондо эл да туура түшүнмөк",- дейт спикер.

Маалыматты парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, Нарын облусунун айрым тургундары кышы катаал, бийик тоолуу аймак катары Нарын облусуна электр энергиясынын тарифтерин кайрадан карап чыгууну өкмөттөн талап кылышууда.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан