Кыргызстанда 2014-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы менен калктын саны 5 миллион 884 миңди түздү. Былтыркы жылдын 1-июлуна карата алынган маалымат боюнча, Кыргызстандын калкынын саны 5 миллион 833 миң адам болчу, демек, 6 айда калктын саны 51 миң адамга көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, калктын санынын өсүү көрсөткүчү боюнча Жалал-Абад, Баткен, Ош облустары жана Бишкек шаары алдыда. Чүй облусу менен Ош шаарында төрөлүү көрсөткүчү төмөн экени маалымдалды.
Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, былтыркы жылдын январь-ноябрь айларында өлкөгө туруктуу жашоо үчүн 3,6 миң жаран келген. Өлкөдөн 10,9 миң жаран түрдүү максатта чыгып кеткен.