Украина бийлиги өлкө чыгышындагы согуштук чабуулдарды 19-январда токтотууну Москвага сунуштады. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында Орусия бийлигин 5-сентябрь жана 19-сентябрдагы Минск келишимдерин аткарууга, ок атышууну токтотуп, украин-орус мамлекеттик чек арасын көзөмөлдөөнү Украинага берүүгө чакырык жасалган. "Украина Минск келишимин толук түрдө аткарууда жана 4 айдан бери бул келишимди Орусия тарап жана согушчандардын аткаруусун күтүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Ал эми Орусия аталган келишимди украиналык тарап бузуп жатканын билдирүүдө. Президент Владимир Путин 18-январда билдирүү жасап, анда Донецк жана Луганск облустарында ок атышуунун жанданышы Минск келишимин бузулуу коркунучун жаратарын айткан. Украина президенти Пётр Порошенкону аймактагы согуштук аракеттерди токтотууга чара көрүүгө чакырган эле.