Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун мамлекеттик кызматты өнүктүрүү боюнча сыйлыгына сунушталууда

Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча консультативдик эксперттик кеңеш БУУнун мамлекеттик кызматты өнүктүрүү жаатындагы сыйлыгына сунушталууда. 
БУУнун аталган тармактагы сыйлыгы жылына бир жолудан берилет. Максаты - мамлекеттик мекемелердин башкаруунун эффективдүү жана ыкчам системине кошкон салымын жана чыгармачылыгын баалоо. Сыйлык 2003-жылдан бери ыйгарылып келет, Кыргызстан быйыл биринчи жолу сунушталууда. Жеңүүчүлөр аймактар боюнча аныкталат, Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына кирет. Бул аймактан убагында Сингапур, Корея жана Япония сыйланышканын билдирет Мамлекеттик кадр кызматы.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан