Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Ноокен районунун акими А.Осмонов жана Майлуу-Суу шаарынын мэри К.Сатыбалдиев административдик жоопкерчиликке тартылып, 10 миң сомдон айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, буга чейин Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын текшерүүсүнөн кийин аталган кызматкерлерге административдик өндүрүш иши козголуп, иш сотко жиберилген.
Башкача айтканда, аким менен мэр коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдын талаптарын аткарбаганы үчүн айыпталышкан.