Кыргызстанга 2014-жылы 1,1 миллион тонна күйүүчү май импорттолгон. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов 19-январда маалымат жыйында билдиргендей, былтыр түрдүү үлгүдөгү 604 миң тонна бензин алынып келинген. Дизель майынын өлчөмү - 496 миң тонна. Маалыматка таянсак, өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы күтүлбөйт. "Январь айынын ортосуна карата 81 миң тонна күйүүчү майдын запасы калды, мунун 55 миң тоннасы бензин, 26 миң тоннасы дизель майы",- деди Керимкулов.
2014-жылдын жыйынтыгы менен алганда өлкөдө бензиндин баалары жалпы 4,8 сомго кымбаттаганы айтылды. Айта кетсек, 2014-жылдын январь айында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 37 сом 80 тыйын болсо, учурда бензиндин бул үлгүсү 42-44 сомдон сатылууда (Бишкекте).