Дамира Ниязалиева "жөлөк пул алуучулардын азайышы элдин жашоосу жакшырып жатканын билдирет" дейт

Кыргызстанда 2014-жылы жөлөк пул алгандардын саны кыйла кыскарды, бирок буга карабай өлкөдө жөлөк пул алуучулардын саны дагы эле көп. Муну вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 19-январда маалымат жыйында билдирди. Өкмөт мүчөсү жөлөк пул алуучулардын азайып жатышы жакшы көрүнүш экенин айтат. "Жөлөк пул алгандардын санынын кыскарып жатышы эл жакшы жашай баштаганын билдирет. Өкмөт даректүү жардам берүүгө басым жасоодо. Бул багытта жаңы пилоттук долбоор киргизилип жатат, анда бардык жардам алуучулардын тизмеси электрондук маалымат базасына киргизилет. Мындан кийин кимге жөлөк пул берүү, кимге бербөө керектигин машина эле аныктап коёт. Буга чейин адамдык фактор аралашып, тиешеси жок эле адамдарга жөлөк пул берилип келген фактылар бар",- деди Ниязалиева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан