Башкы прокурор Аида Салянова отставкага кетүүгө арыз берди. Маалыматтарга таянсак, эгер президент Алмазбек Атамбаев арызга кол койсо, башкы прокурор кызматтан кетет.
Айта кетсек, буга чейин башкы прокурордун кызматтан кетүүгө арыз жазганы айтылып, бирок өлкө башчы 27-декабрдагы маалымат жыйынында бул маалыматты четке каккан эле. Алмазбек Атамбаев: "Башкы прокурор буга чейин бир нече жолу кызматтан кетүүгө арыз жазган, бирок бул жолу эс алууга суранды, мен уруксат бердим",- деп билдирген эле.
Президенттик аппараттан 20-январда "бул тууралуу бизде маалымат жок" деп билдиришти.