2015-жылы Соцфонддун бюджетинин киреше бөлүгү 40 миллиард 449 миллион сомго чейин көбөйөт
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 19-январдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Соцфонддун берген маалыматына таянсак, 2015-жылдын бюджет долбоорунун киреше бөлүгүндө 40 миллиард 449 миллион сом, 2016-жылы 42 миллиард 324 миллион сом, 2017-жылы 45 миллиард 641 миллион сом өлчөмүндө каражат каралууда. Андан сырткары 2015-жылдын октябрь айында пенсия өлчөмү жогорулап, орточо пенсия көлөмү 4728 сомду түзө турганы белгилүү болду. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2014-жылы 575 миң пенсионер болсо, быйыл алардын саны 608 миңге жетет. Алардын ичинен 102 миңи ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.