Ош шаарындагы "Айкөл Манас" монументалдык комплексинин курулушу боюнча мэриянын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. УКМКдан SUPER.KG`ге билдиришкендей, эстеликтин курулушуна 10 миллион 112 700 сом ашыкча жумшалганы текшерүүдө аныкталды.
"2011-жылы Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер өткөрүп, эстеликти "Ай-Жол" ЖЧКсы тургузган. Эсептөө палатасынын аудитордук текшерүүсүндө комплексти курууда 10 миллион 112 700 сом ашыкча пайдаланылганы аныкталды. Учурда УКМКнын Ош шаардык башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүрүүдө",- деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов.