"Кыргызстанда ички миграцияны кыскартуу зарыл" деди өкмөт башчы

Кыргызстанда ички миграцияны кыскартуу чараларын көрүү жана жумушсуздукту азайтуу боюнча аймактарга өзгөчө көңүл буруу керек. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 19-январда эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов менен жолугушууда билдирди. 
Өкмөт жетекчиси чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүүчү документтин берилишине токтолду. "Жумушка уруксат берүүчү документти берүү процедуралары боюнча ишкерлер буга чейин бир нече жолу арызданышкан. Алар министрликтин алдындагы комиссияда ачыктык жана бейтараптуулук жок экенин билдиришкен. Рейтинг системин түзүү жана жумушка жалаң жогорку квалификациялуу чет элдик жарандарды тартуу зарыл. Миграция тармагына фундаменталдык реформа керек",- деди Оторбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан