Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 19-январда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен жолугушту. Маалыматты аталган министрликтен билдиришти. Жолугушууда тараптар эки жана көп тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуу Орусия тараптын өтүнүчү менен орун алганы да маалымдалды.